Колл - борбор: 105; 1209

Санариптештирүү иш жүзүндө: «Мой свет» тиркемесин 3 миллиондон ашык колдонуучулар жүктөп алышты

18 Апрель 2025 ж.

Акыркы жылдары Кыргызстанда энергетика тармагындагы санариптештирүү жана автоматташтыруу багыты активдүү ишке ашырылып жатат. Бул жааттагы негизги жетишкендиктердин бири – керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү жана электр энергиясы менен камсыздоону санариптештирүү максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан ишке киргизилген «Мой Свет» мобилдик тиркемеси болуп саналат.

«Мой свет» тиркемесин тиричилик керектөөчүлөр колдонушат жана электр энергиясы менен камсыздоо кызматтарынын колдоонусун жеңилдетет.

Тиркеменин негизги функциялары:

  • Электрондук эсеп-фактуралар: Электр энергиясы үчүн эсептерди электрондук түрдө алуу жана көрүү.
  • Керектөө тууралуу маалымат: Колдонулган киловатт-сааттар, төлөнө турган сумма жана төлөө мөөнөттөрү тууралуу маалымат.
  • Бир нече эсепти башкаруу: Бир нече эсептик счетту кошуу мүмкүнчүлүгү.
  • Билдирүүлөр: Пландалган иштер, карыздар, ашыкча төлөмдөр жана башка маанилүү окуялар тууралуу эскертүүлөр.
  • Расмий сайтка өтүү: КУЭТтин расмий сайтына өтүп кошумча маалымат алуу.

Кошумча мүмкүнчүлүктөр:

  • Push- билдирүүлөр: Жаңы эсептер, карыздар, пландалган иштер жана башка жаңылыктар тууралуу ыкчам эскертүүлөр.
  • Төлөм системалары менен интеграция: Электрондук капчыктар, банк тиркемелери жана терминалдар аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү.
  • Техникалык колдоо: Тиркемени колдонууга байланыштуу суроолор боюнча күнү-түнү иштеген колл-центр.

Бүгүнкү күндө «Мой свет» тиркемеси 3 миллиондон ашуун колдонуучу тарабынан жүктөлүп, керектөөчүлөрдүн 98 пайызы электрондук квитанциялар менен камсыз болгон. Натыйжада кагаз квитанцияларды басып чыгаруу токтотулуп, 44,1 тонна кагаз же 10,2 миллион сом үнөмдөлгөн.