Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Азербайжан Республикасынын электр жабдууларын өндүрүү боюнча бир катар заводдорунда болду

19 Ноябрь 2024 ж.

Бакуда өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактуу конвенциясынын 29-конференциясынын (СОР29) алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Азербайжан Республикасынын кабель продукциясын жана электр жабдууларын чыгаруучу бир катар заводдорун кыдырды. Ал «Gok-Nur Baki LTD», «General Boards System» (GBS) жана «Сумгаит технологиялык паркы» (STP) жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын энергетикалык компанияларынын ортосунда келечектүү өз ара пайдалуу кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасынын муктаждыктары үчүн кабель продукциясын жана электр тармактык жабдууларды жеткирүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун маанилүүлүгү белгиленди.