Колл - борбор: 105; 1209

Энергетикадагы инновациялар: «КУЭТ» ААК заманбап технологиялар жана жабдуулар боюнча бирдиктүү бетачар күнүн өткөрөт

15 Апрель 2025 ж.

2025-жылдын 29–30-майында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан электр тармактары үчүн «Заманбап жабдуулар жана технологиялар» темасында кезектеги Бирдиктүү бетачар күнү (ББК) өткөрүлөт.

Бирдиктүү бетачар күнүнө негизги электр жабдууларын чыгарган компаниялар, ошондой эле жергиликтүү жана чет өлкөлүк энергокомпаниялардын өкүлдөрү чакырылат.

Бул иш-чаранын максаты - инновациялык атаандаштыкка жөндөмдүү идеялар, даяр продукциялар, жаны технологиялар менен таанышып, аларды өндүрүштө колдонууну кароо.  

Бирдиктүү бетачар күнү заманбап жабдуулар жана технологиялар боюнча пикир алмашуу үчүн кесиптик аянтча болуп, энергетикалык жабдууларды өндүрүүчүлөр жана энергетика тармагындагы адистерге чоң кызыгууну жараткан иш-чара.

Мурунку ББКларга Siemens, General Electric, Уралэлектротяжмаш, «Изолятор» заводу, Таврида Электрик, СВЭЛ, SDEE сыяктуу негизги жабдууларды чыгарган компаниялар, ошондой эле релейдик коргоо жана автоматика жабдуулары, диагностикалык приборлор жана программалык камсыздоо өндүрүүчүлөр — НПП «Экра», OMICRON Electronics, «Прософт-Системы», НТЦ «Механотроника», SATEC, НПК «Энергосоюз», НПП «Динамика», ЖЧК «Свей», ЖЧК «Интрон Плюс», ЖЧК «Уралэнергосервис», ЖЧК «SAP СНГ», ЖЧК «Норбит» жана башкалар катышкан.