Колл - борбор: 105; 1209

Энергетикадагы инновациялар: Бишкекте «КУЭТ» ААКсынын Бирдиктүү бетачар күнү өттү

30 Май 2025 ж.

2025-жылдын 29–30-май күндөрү Бишкек шаарында «Кыргызстан Улуттук Электр Тармагы» ААК тарабынан уюштурулган Бирдиктүү бетачар күнү (ББК) ийгиликтүү өттү. Иш-чаранын темасы — «Электр тармактары үчүн заманбап жабдуулар жана технологиялар» болду.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин биринчи орун басары Ысманов Э. К. жана «КУЭТ» ААКсынын башкы директору Рысбеков А. Д. салтанаттуу түрдө ачып беришти. Уюштурууну жана өткөрүүнү «КУЭТ» ААКсынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башчысы Исмаилов К. Б. жетектеди.

Россиядан жана башка өлкөлөрдөн келген компаниялар өздөрүнүн жаңы чечимдерин сунушташты. Катышуучулардын катарында энергетиктер, инженерлер, профилдик ЖОЖдордун окутуучулары жана ар кайсы аймактардан келген адистер болуп, алар заманбап технологиялар менен таанышышты.

Бетачар күнү ата мекендик жана чет элдик алдыңкы жабдуу өндүрүүчүлөрдү, энергетика компанияларынын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди жана инженерлерди чогултту. Катышуучулар жаңы технологиялар, даяр продукциялар жана өндүрүштө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

Иш-чара кесиптик тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты кеңейтүү жана энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча маанилүү аянтча болуп берди. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар жогорку деңгээлде уюштурууну белгилешип, келечектеги кызматташтыктар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.