«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жаш адистеринен түзүлгөн командалар CASE-IN Эл аралык инженердик чемпионатынын XIII сезонунун финалына чыгышты. Алар тандоо турунан ийгиликтүү өтүп, Кыргызстандын энергетика системасын Эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Быйыл катышуучулар «КМШнын отун-энергетикалык комплекси: Жеңиш энергиясы жана заманбап өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү» аттуу кейс боюнча иш алып барышат. Жаш инженерлер өз өлкөлөрүнүн отун-энергетикалык комплексинин (ОЭК) өнүгүү динамикасын жана багыттарын талдап, КМШ мамлекеттеринин ОЭКин эффективдүү өнүктүрүүгө жана биргелешкен экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду сунушташат.
Ошондой эле, командалар энергетика, өнөр жай, транспорт, көмүр жана мунай-газ химиясы тармактарындагы мамлекеттер аралык кызматташууну эске алуу менен 2035-жылга (же 2050-жылга) чейинки ОЭКти өнүктүрүү боюнча жол картасын иштеп чыгууга тийиш.
Чемпионатты «Надежная смена» фонду, «Россия — мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» президенттик платформасы, Тоо-кен лидерлеринин жаштар форуму жана «АстраЛогика» ЖЧКсы уюштурууда.
Лиганын биргелешкен уюштуруучулары: КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин Аткаруу комитети, РФтин КМШ иштери боюнча федералдык агенттиги, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер жана эл аралык гуманитардык кызматташтык агенттиги — «Россотрудничество», ошондой эле А.М. Горчаков атындагы коомдук дипломатияны колдоо фонду.
Эскерте кетсек, өткөн жылы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын командасы электр энергиясы менен камсыздоонун өндүрүш процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча долбоору менен «Мой свет» мобилдик тиркемесин сунуштап, «Жарып чыгуучу чечим» номинациясында жеңүүчү болгон.