Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКтын жаш адистери Эл аралык инженердик чемпионат CASE-INге катышышты

2 Июнь 2025 ж.

«КУЭТ»  ААКтын  жаш адистери Москва шаарында өткөн ири тармактык мелдештердин бири — Эл аралык инженердик чемпионат CASE-INге активдүү катышышты. Чемпионатка катышуу кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүнүн маанилүү баскычы болуп, компаниянын жаш адистеринин жогорку деңгээлдеги даярдыгын тастыктады.

CASE-IN чемпионаты жыл сайын таланттуу жаштарды, студенттерди, аспиранттарды жана жаш инженерлерди бириктирип, аларга отун-энергетика комплексинин, электротехника жана тиешелүү тармактардагы чыныгы өндүрүштүк тапшырмаларды чечүүнү сунуштайт.

«КУЭТ»  ААКтын  компаниясынын Pulse Energy жана Ordo командалары тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, чемпионаттын финалына чыгышты. Алар техникалык даярдыктын жогорку деңгээлин, командалык иштөөнүн көндүмдөрүн, аналитикалык ой-жүгүртүүнү жана тармактын актуалдуу маселелерине инновациялык чечимдерди иштеп чыгууну көрсөтүштү.

Pulse Energy командасынын видео тааныштыруусу катышуучулардын арасынан эң мыкты деп таанылды. Команда видеодо өлкөнү жана компанияны чыгармачыл жана дем-күчтүү формада тааныштырды, өздөрүнүн мотивациясын, кесиптик максаттарын жана энергетика тармагында өнүгүүгө болгон умтулушун баса белгилешти.

«КУЭТ»  ААКтын  жетекчилиги кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоп, жаштардын кесиптик өсүүсү үчүн шарттарды түзүп, алардын профильдүү форумдарга, сынактарга жана билим берүү долбоорлоруна катышуусуна мүмкүнчүлүк берет.

ФОТОРЕПОРТАЖ: https://nesk.kg/ru/press-centr/qwew/fotoreportazh261/