Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын административдик имараттарында кайра жаралуучу энергияны активдүү колдонууда

21 Август 2025 ж.

Бишкек шаарындагы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын беш кабаттуу имаратынын чатырында күн панелдери орнотулуп электр энергиясына болгон муктаждыктын 30%га чейинки бөлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берүүдө.

Бул имаратта компаниянын административдик кеңселери гана эмес, энергетика тармагындагы бир нече мекемелер, анын ичинде Энергетика министрлиги, «Кыргыз энергетикалык эсеп борбору» ААК, «Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы» ААК жана башкалар жайгашкан. Күн панелдери орнотулгандан бери имараттын электр тармагынан керектеген электр энергия көлөмү туруктуу түрдө кыскарып келет. Жай мезгилинде электр энергия керектөөнүн 30%га чейинки бөлүгү күн панелдери аркылуу камсыздалат, ал эми жылдык эсеп боюнча бул көрсөткүч 15%дан 30%га чейин жетет.

Компаниянын жетекчилиги күн панелдерин орнотуу — бул бир жолку иш эмес, өлкөнүн энергетика тармагына заманбап жана инновациялык технологияларды киргизүүнүн тутумдуу иши экенин баса белгилейт. Мындай долбоорлор кеңейип, учурда республика боюнча 6 электр тармактар ишканасында жана райондук электр тармактарынын административдик имараттарында орнотулган. Мындан тышкары, компаниянын жаңы салынып жаткан филиалдарынын административдик имараттарына да күн панелдерин орнотуу пландаштырылууда.

Эске салсак, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын имаратынын чатырындагы күн панелдери 2024-жылы орнотулган жана ошондон бери жогорку натыйжалуулугун көрсөтүп келет. Бул Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү маанилүү экенин дагы бир жолу тастыктайт.