Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата энергетикалык объектилерди даярдоодо

16 Май 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому (ААК «КУЭТ») 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата энергетикалык инфраструктура объектилерин даярдоо боюнча пландуу иш-чараларды жүргүзүүдө.

Республика боюнча керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, 2025-жылдын алгачкы төрт айында компания төмөнкүдөй көлөмдөгү оңдоо иштерин аткарды:

  • 35–500 кВ чыңалуудагы 228 көмөк чордондордо учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлдү;
  • Жалпы узундугу 1 970 км болгон 0,4–500 кВ аба чубалгылары  оңдолду;
  • 35–500 кВ чыңалуудагы 74 көмөк чордондор жана 6–10/0,4 кВдагы 502 трансформатордук көмөк чордондо капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү;
  • 0,4–500 кВ узундугу 202 км болгон аба чубалгыларына  капиталдык оңдоо иштери жасалды.

Мындан тышкары, «КУЭТ» ААКнын балансындагы имараттарда, өндүрүштүк объектилерде жана автотранспорт каражаттарында пландуу оңдоо иштери уланууда.

Компания техникалык тейлөө, модернизациялоо жана энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплексин системалуу түрдө ишке ашырууда. Бул өзгөчө кыш мезгилинде күтүлүүчү жогорку жүктөм жана катаал аба- ырайы шарттарында абдан маанилүү.