«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл ЭТИнин - филиалынын адистери жылдык оңдоо компаниясынын алкагында курорттук сезондо жайкы күч келүү чокусунан өтүүгө Ысык-Көл облусунун энергетикалык жабдууларын даярдашты.
Жыл башынан бери энергетиктер Ысык-Көл облусунда жайгашкан 17 даана 35-220 кВ жогорку чыналуудагы көмөк чордондорго, 66 даана 0,4-10 кВ трансформатордук көмөк чордондорго жана 0,4-10 кВ 161 чакырым узундукта капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүштү. Чок-Тал айылындагы 10 кВ 3,6 чакырым узундагы электр берүү чубалгысы кайра конструкцияланды. Авариялык абалда турган жыгач тирөөчтөр жаңы темир-бетон тирөөчтөргө алмаштырылды.
Компаниянын ыкчам персоналы да жай мезгилине ишке даярдалды. Энергетиктер аварияга каршы машыгууларга катышып, өзгөчө коопсуз эмгектин окуусунан өтүштү.