Колл - борбор: 105; 1209

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК билдирет:

21 Ноябрь 2025 ж.

Урматтуу керектөөчүлөр!
Акыркы убакта социалдык тармактарда акылдуу эсептегичтер боюнча туура эмес маалыматтар таркап жатат.
Анда эгерде абонент электр энергиясын колдонууда белгиленген кубаттуулуктан ашып кетсе, акылдуу эсептегич автоматтык түрдө өчүп калат. Кайра ишке киргизүү үчүн үйдөгү бардык электр жабдыктарын өчүрүп, эсептегичтин кнопкасын басып турсаңыз эсептегич ишке кирет жана бул үчүн эч кандай кошумча төлөм алынбайт!
Социалдык тармактарда таркап жаткан “кошумча 170 сом төлөм алынат” – деген маалымат чындыкка дал келбейт.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК официалдуу жана такталган гана маалыматтарга ишенүүгө чакырат.