"КУЭТ" ААКсы 2025-жылдын 9–10-апрелинде Бишкек шаарында өткөн Борбор Азия жана Каспий боюнча «Гидроэнергетика» аттуу 9-эл аралык конгресс жана көргөзмөгө активдүү катышты.
Иш-чарада компаниянын башкы директору Алтынбек Рысбеков Кыргыз Республикасынын электр тармактарын өнүктүрүү боюнча пландар менен бөлүшүп, компаниянын негизги өнүгүү багыттары, долбоорлору жана эл аралык кызматташтыкка болгон ачыктыгы тууралуу айтып берди.
КУЭТ учурда заманбап технологияларды ишке киргизип, өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын жаңылоого жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган иштерди жүргүзүп жатат.
Мындай форумдарга катышуу — КУЭТтин туруктуу өнүгүү, натыйжалуулукту жогорулатуу жана энергетика тармагында өз позициясын бекемдөө стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.