Колл - борбор: 105; 1209

2025-жылы «КУЭТ» ААКсы республика боюнча 281 жаңы трансформатор орнотот

28 Май 2025 ж.

2025-жылы «КУЭТ» ААКсы  6–10/0,4 кВ чыңалуудагы заманбап ТМГ  трансформаторлорун 281 даана регионалдык өндүрүштүк энергоучасткаларда — электр тармактары ишканаларында (ПЭС) орнотот.

Бул масштабдуу модернизация эски жабдууларды этап-этабы менен алмаштырууга мүмкүндүк берип, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Жаңы трансформаторлор электр энергиясын жоготуу деңгээлин азайтып, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат жана жүктөмдүн өсүшүнө жараша тармактын туруктуулугун камсыздайт.

Жабдууну орнотуу иштери «Электроэнергетика секторун модернизациялоо жана туруктуулук» долбоорунун алкагында жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жыл ичинде этап-этабы менен жүргүзүлөт.