Урматтуу мекендештер!
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жетекчилиги жана жалпы жааматтын атынан сиздерди май майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайм!
1-май Эмгек күнү - бул жаздын жана эмгектин майрамы дүйнөнүн 142 өлкөсүндө белгиленет. Күнүмдүк эмгеги менен өлкөбүздүн өнүгүүсүн алдыга жылдырып, элдин бакубаттуулугунун өсүшүнө салым кошуп жаткан бардык кыргызстандыктарды куттуктайбыз.
5-май – өлкөнүн негизги мыйзамы, укуктарыбыздын жана эркиндигибиздин кепили болгон Конституция күнү.
9-май Жеңиш күнү, быйыл Жеңишке 79 жыл (1941-1945) толот. Бул тарыхтын маанилүү учуру, аны биз ыйык тутуп, сыймыктанабыз.
Сиздерге жана жакындарыңызга бакыт, ден - соолук, жана бардык жакшылыктарды каалайм.
Урматтоо менен,
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын
Башкы директору
А. Д. Рысбеков