Колл - борбор: 105; 1209

Балдарды коргоо күнүнө карата «КУЭТ» ААК профсоюзунан майрамдык иш-чара

30 Май 2025 ж.

30-май күнү, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында, «КУЭТ» ААКнын профсоюзу компания кызматкерлеринин балдары үчүн майрамдык иш-чара өткөрдү. Майрам мекеменин административдик имаратынын короосунда, шаңдуу маанайда өттү.

Балдар үчүн аниматорлор чакырылып, алар оюн-зоок программасын, кызыктуу конкурстарды жана көңүл ачуучу номерлерди уюштурушту. Иш-чаранын соңунда ар бир балага белек тапшырылды.

«КУЭТ» ААК социалдык демилгелерди дайыма колдоп келет жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө аракет кылат. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо — компаниянын ички маданиятынын маанилүү бөлүгү.