Бүгүн, 2025-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын энергетика тутумун жакшыртуу үчүн борборлоштурулган электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму болгон ЭКЭАТ - долбоорунун (Дата-борбор) куруу иштеринин аякташына арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т. Ибраев, Корея Республикасынын КРдагы элчиси Ким Кванджэ жана KOICAнын вице-президенти Хонг Сокхва жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жетекчилиги жана адистери катышышты.