Колл - борбор: 105; 1209

Борбордук Азиянын электр энергетикасы боюнча координациялык кеңешинин 41-жыйыны өттү

24 Май 2024 ж.

2024-жылдын 22-23-майында Ташкентте Борбордук Азиянын Координациялык электр энергетикалык кеңешинин 41-жыйыны өттү. Жолугушууда Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Россиянын электр энергетика тармагынын жетекчилери жана өкүлдөрү өткөн күз-кыш мезгилиндеги иштердин жыйынтыгын, жана ошондой эле алдыдагы куз-кыш мезгилинде Борбордук Азиянын электр энергетикалык шакекчеде электр энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жана пландарын талкуулашты.

Иш-чарада «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков республиканын электр тармагынын күз-кыш мезгилиндеги жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен тааныштырды, ошондой эле жыйындын күн тартибиндеги маселелерди талкуулоого катышты.

Отурумдун катышуучулары электр тутумдардын параллелдүү иштериндеги өз ара аракеттенүүнү талдап, мындан аркы кызматташуу боюнча көз караштарын айтышты, ошондой эле штаттан тышкары кырдаалдардын алдын алууга, энергиянын кайра жаралуучу булактарын интеграциялоонун келечегине жана региондун суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга тиешелүү маселелерди карашты.