Бүгүн, 2025-жылдын 19-майында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун (Кыргызстан УЭТ) Директорлор кеңешинин жыйыны өтүп, төмөнкү маселелер каралды:
1. 2025-жылдын 1-кварталы боюнча «Кыргызстан УЭТ» ААКтын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө;
2. 2025-жылдын 1-кварталында Директорлор кеңешинин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу Башкы дирекциянын отчету;
3. 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча Башкы дирекциянын маалыматы;
4. «Кыргызстан УЭТ» ААКтын эсепке алуу саясатынын жаңы редакциясын бекитүү маселеси;
5. 2025-жылдын 1-кварталында Текшерүү комиссиясынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
6. Компаниянын корпоративдик катчысынын бюджетин бекитүү жөнүндө;
7. Ар кандай маселелер.
Жыйында 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси талкууланган учурда, Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев бардык пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жана жогорку сапатта аткаруунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ал ошондой эле энергетика тармагындагы квалификациялуу кадрларды даярдоонун, тажрыйба алмашуунун зарылдыгын белгилеп өттү.
Айрыкча, электр тармактар ишканаларынын арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү зарылдыгына көңүл буруп, мындай иш-чаралар кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.