Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКнын кызматкерлери мектеп окуучуларына электр коопсуздугу боюнча сабак өтүштү

22 Май 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы №33 орто мектептин 8-классынын окуучуларына электр коопсуздугу боюнча түшүндүрмө сабак өткөрүштү.

Жайкы каникулдардын алдында энергетиктер балдарга үй шартында жана энергия объекттеринин жанында электр коопсуздугун сактоонун негизги эрежелери тууралуу кеңири айтып беришти. Сабак атайын видеороликтер менен коштолуп, оюн түрүндө уюштурулду. Мындай ыкма өспүрүмдөр үчүн сабакты кызыктуу жана түшүнүктүү кылды.

Сабак учурунда окуучулар электр шаймандарын колдонууда кандай сактык чараларын көрүү керектигин, электробъекттеринин жанында ойноонун коркунучтары, ошондой эле көчөдөгү кандай объекттеринен алыс болуу зарылдыгын үйрөнүштү. Сабактын соңунда билимдерин бекемдөө максатында викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Мектептин администрациясы практикалык сабак уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар балдардын электр травмаларынын алдын алууда өтө маанилүү экенин белгилешти. Окуучулар активдүү суроолорду берип, энергетиктер менен сүрөткө түшүп, коопсуздук боюнча алган пайдалуу маалыматтары менен таасирлерин бөлүшүштү.