Колл - борбор: 105; 1209

Чолпон-Ата шаарындагы «Долен» спорт комплекси электр энергияны үнөмдөө үчүн күн панелдерин колдонууда

19 Август 2025 ж.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Долен» спорт комплекси электр энергиясын үнөмдөө жаатында көрүнүктүү жыйынтыктарга жетишти. Күн панелдерин орнотуу менен мекеме электр энергиясын керектөөнү 2,8 эседен ашык, башкача айтканда, дээрлик үч эсеге кыскарта алды.

Салыштырмалуу көрсөткүчтөр натыйжалуулугун далилдейт: эгерде 2024-жылдын июнь айында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнан алынган электр энергиясынын көлөмү 139 990 кВт. саатты түзсө, 2025-жылдын июнунда бул көрсөткүч 49 369 кВт. саатты түздү. Бир айдын ичинде үнөмдөлгөн электр энергиясы 90 621 кВт. саатты түздү.

«Долен» спорт комплекси бассейндери жана  машыктырууга арналган залдары менен өзгөчөлөнөт. Сууну жылытуу жана машыгуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоодо чоң көлөмдөгү энергияны талап кылат. Ошондуктан комплекстин чыгымдарын оптималдаштыруу жана электр энергияны үнөмдүү пайдалануу максатында альтернативдүү энергия булактарын киргизүү негизги кадам болгон.

Бул спорт комплексинде күн панелдерин колдонуу –электр энергиясын үнөмдөөнүн гана эмес, Кыргызстанда «жашыл» энергетиканы өнүктүрүүгө болгон чыныгы салымынын да үлгүсү. Мындай кадам энергетикалык тутумга жүктү азайтууга, «жашыл» технологияларды киргизүү боюнча мамлекеттик демилгелерди колдоого өбөлгө түзөт.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы электр энергияны сарамжалдуу пайдаланууга жана кайра жаралуучу булактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдойт.