Бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек электр тармактары ишканасынын жыйындар залында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын директорлор Кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Жыйынга директорлор Кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, кеңеш мүчөлөрү Жыргалбек Турускулов, Алымбек Баймуратов, Мирбек Маматов, Ормонбек Кудайбердиев, ошондой эле «КУЭТ» ААКтын башкы директордун биринчи орун басары Жолдошбек Доктурбай уулу жана ишкананын жетекчилиги, өндүрүштүк кызматтардын, бөлүм башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды::
2024-жылдын тогуз айынын ичинде Бишкек электр тармактары ишканасынын ишинин жыйынтыгы;
Бишкек электр тармактары ишканасынын 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы;
Бишкек электр тармактары ишканасынын электр энергиясын сатуу жана капиталдык курулуш боюнча отчеттору угулду.
Жыйынды Бишкек электр тармактары ишканасынын директору Азамат Паизов ачып, андан соң директордун орун басарлары аткарылган иштер жана 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө дебитордук карыздарды азайтуу, курулуш-монтаждоо башкармалыгынын (СМУ) ишмердүүлүгү жана индукциялык эсептегичтерди алмаштыруу маселелери да талкууланды.
30-октябрда «КУЭТ» ААКтын директорлор Кеңеши Бишкек шаары боюнча Энергосбыт кызматын, Батыш, Чыгыш жана Түндүк РЭТтерди кыдырып, административдик имараттардын, өндүрүштүк жайлардын, кампалардын, диспетчердик пункттардын жана автопарктын абалы менен таанышкан.
31-октябрда директорлор Кеңеши кабелдик чубалгылар кызматы, «Атабаева», «Карагачёвая», «Главная» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда жүргүзүлгөн реконструкциялоо иштерин текшеришти. Мындан тышкары, директорлор кеңешинин мүчөлөрү жаңы 110/10 кВ «Орто-Сай» жогорку чыңалуудагы подстанциянын курулушунун жүрүшү менен таанышышты.
Жыйынтыгында, «КУЭТ» ААКтын директорлор Кеӊешинин төрагасы Атантай Турдубаев энергетиктердин негизги милдети – керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу экенин белгилеп, капиталдык курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоонун зарылдыгын баса белгиледи.