2025-жылдын 22-майында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Шаршенбаев катышты.
Талкууга ошондой эле компаниянын коммерциялык маселелер боюнча башкы директорунун орун басары Дүйшө уулу Уларбек, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Тегерек столдун алкагында ИИМ өкүлү ведомстволор аралык коррупцияга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен пландын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Ал бул планга ылайык, коррупциянын алдын алуу жана профилактикалык иш-чараларды күчөтүү багытында жигердүү иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Өзгөчө көңүл түшүндүрүү иш-чараларына, кызматкерлерди мыйзам бузбоо зарылчылыгы жөнүндө кабардар кылууга, тренингдерди, семинарларды жана жыйындарды уюштурууга бурулууда.
«Биздин максат – коомго сапаттуу жана ачык кызмат көрсөтүү. Ар бир жарандын кайрылуусуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга тийишпиз. Коррупция менен күрөш – бул бир гана жетекчиликтин эмес, ар бирибиздин милдетибиз», – деп баса белгиледи Уланбек Шаршенбаев.
Башкы директордун орун басары Дүйшө уулу Уларбек тегерек столдун катышуучуларына компания тарабынан иштелип чыккан коррупцияга каршы чараларды күчөтүү боюнча план тууралуу маалымат берди. Анын айтуусунда, бул пландын негизинде компаниянын аймактык бөлүмдөрүндө да коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана процесстердин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча иш-чаралар ишке ашырылууда.
Мындай жолугушуулар компаниянын корпоративдик этиканы чыңдоо жана антикоррупциялык жүрүм-турумду калыптандыруу боюнча системалуу ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.